У нас вы можете посмотреть бесплатно "Өзү жыгылган". Сабалдым деген келиндин күйөөсү өз версиясын айтты или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Жолдошум сабады деген келиндин күйөөсү Адилет Калдыбаев өз версиясын айтып берди. Буга чейин 29 жаштагы Айзада Болотбекова үй-бүлөлүк зомбулуктан жаракат алып ооруканада жатканын билдирген. Ал эми жолдошу ага кол көтөрбөгөнүн, окуя болгон күнү жумуштан кийин өзү досу менен сыра ичип, келинчегине вино алып келип бергенин айтты. Анан үйгө келгенде жубайы мас болуп калып, унаадан түшпөй ызы-чуу кылган деди. “Ал унаанын рулуна отуруп алгандыктан, түшүрөйүн деп тартып жатканда жыгылган жана мага атырыла бергендиктен ары түрткөндө бир нече жолу кулаган. Денесиндеги көгала тактар ошондо пайда болгон. Мен чуу салып жатканда токтотюн деп бетине бир жолу шапалак менен чапкам. Бирок кайра күчөп мага атырылды”, — деди арызданган келиндин жолдошу. Ошондой эле ал келинчеги өздөрү иштеткен кийим тигүү фабриканын кардарларына чалып 303 миң сом котортуп алганын айтууда. Үйдөгү жаңжалдан кийин эжеси экөө жумушуна келип да чуу салышканын билдирди. Бул учурда күйөөсү башынан жаракат алып, учурда ооруканага жатканын белгиледи. Ал арада жубайы Айзада Болотбекова дагы окуянын башка кадрларын дагы соцтармактагы баракчасына жарыялап жатат. Адилет Калдыбаев телефон чалуу же видео форматында сүлөшүүгө макул болгон жок, ал өзүнүн пикирин жазуу түрүндө гана жиберди. Андыктан анын жазгандары толугу менен видеонун аягына тиркелди.