У нас вы можете посмотреть бесплатно КАМЧЫ l КҮМҮШ КАМЧЫ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Камчы – ат жабдыктарынын бири. Колдонулган аспаптар: кергич (жаа), сыдыргы, балка. Жердиктер: көк, булгаары, табылгы сап, тарамыштан чыйратылган жип. Жасалышы: Алгач камчынын сабы жасалат, ал үчүн биз табылгыны ным кезинде оңдоп-түздөп алдык. Андан кийин текенин терисин жыдытып, түздөп, керип, камчынын өрүмү үчүн көгүн тилип алдык. Камчынын булгаары өзөгүн кергичке керип, ага текенин көгүн терме өрүм менен өрүп, эки карыш өрүлгөн соң учун түшкүн өрүмү менен бүтүрдүк. Камчынын алаканын булгаарыдан бычып алып, даяр болгон өрүмгө бекитип, андан соң камчы сабына тактык. Камчынын сабы күмүш менен шөкөттөлдү. Бүлдүргүсү булгаарыдан жасалды. Камчыны жасап чыккан уста, өрмөчү - Суербек уулу Жоламан / jugon_jumgal ============================================================ Долбоор тууралуу Аталган долбоордун негизги максаты – тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу. Орустун белгилүү сүрөтчүсү В. Верещагиндин “Богатый киргизский охотник с соколом” деген сүрөтү долбоордун жалпы катышуучулары тарабынан тандалган. Андагы кыргыз аңчысынын салттуу кийимдерин жана жасалгаларын уз-усталарыбыз илимий жана этнографиялык негиздерге таянуу менен изилдешип, аларды кайрадан иштеп чыгууда көөнө үлгүсүн сактаганга, кадамдап жасоодогу салттуу ыкмаларын бузбаганга аракет жасашты. KYR: Видеоролик Европа Биримдигинин каржылоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылган “Орто Азиядагы Жибек жолу мурасы – Европанын маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда” долбоорунун алкагында тартылды Анын мазмуну өнөктөштүн гана жоопкерчилиги болуп саналат, ошондой эле Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт. RUS: Видео создано в рамках проекта “Коридоры наследия Шелкового пути в Центральной Азии – международные аспекты Европейского года культурного наследия”, при финансировании Европейского Союза и реализуемого ЮНЕСКО. Его содержание является исключительной ответственностью партнера и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза. ENG: The video was created within the framework of the project “Silk Roads Heritage Corridors in Central Asia – International Dimension of the European Year of Cultural Heritage”, funded by the European Union and implemented by UNESCO. Its content is the sole responsibility of the partner and does not necessarily reflect the point of view of the European Union. ============================================================ Долбоорду аткарган: "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду / kiyizduino Долбоордун жетекчиси: А. Асангулова / aidaifeltworld Ассистент: А. Акматова / aiperiasylb Режиссер:Темирбек у Нурлан / nurlan.temirbek Фото: А. Адышова / profilecard Музыка: Н. Нышанов / nurlanbeknyshanov ============================================================ Долбоордун уз-уста консультанттары: Нурадин Абдыразаков Бакыт Байизов Дмитрий Бызов Идирис Исмайлов Чолпон Сулайманова Монус Топчубаева Кайырбек Токтосунов Дөөлөт Рысбаев Ыраазычылык билдиребиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи / historymuseum.kg Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи / aitievmuseum_ Сулайман – Тоо тарыхый музей комплекси / sulaimantoo_museum Супара интерактивдүү музейи / suparamuseum