У нас вы можете посмотреть бесплатно Россияда мекендештеринин колунан каза тапкан 17 жаштагы Анвар Кубанычбек уулу или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Москвада үстүбүздөгү жылдын 22-мартында 17 жаштагы кыргыз жараны бычакталып, каза болсо, бири учурда оор абалда ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Каза болгон 17 жашар Анвар Кубанычбек уулу 26-мартта кичи мекени Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилди. Ал Сокулук районунун тургуну болчу. Атасы мындан 11 жыл мурда жол кырсыгынан бул дүйнө менен кош айтышкан. 2023-жылдын 22-мартында таңга жуук Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полиция кызматы жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун 2005-жылы туулган тургуну Кубанычбек уулу Анвар болсо, экинчиси Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2004-жылы туулган Х.Р аттуу жараны болгон. Окуя болгон жерден Кубанычбек уулу Анвар тез жардам дарыгерлери келгенче эле каза болсо, Сузак районунун тургуну Х.Р аймактык ооруканага жаткырылган. Учурда абалы оор