У нас вы можете посмотреть бесплатно Ташиев айткан кыргыз-тажик чек арасы боюнча чечимдерге депутаттар макулбу? или скачать в максимальном доступном качестве, которое было загружено на ютуб. Для скачивания выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Чек ара бир тараптуу чечилбейт. Эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берүү учурунда билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан 45 протоколго, топографиялык жумушчу топтор 86 жана укуктук маселе боюнча жумушчу топ 25 протоколго кол коюшкан. "Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1006, 84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519, 9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, бекитилген. Калган 486, 94 чакырымы акыркы 3 жылдын ичинде такталды. Бекитилген 519, 9 чакырым чек ара тилкеси боюнча тажик тарап кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим даярдап, кол коюуну сунуштаган. Бирок кыргыз тарап чек ара чечилип бүтмөйүнчө кол коюуга макул болгон эмес. Себеби аталган чек ара тоолуу аймактарды камтып, эл жыш жайгашкан жана чыр-чатактар көп катталган аймактардын чек арасы толук такталган эмес эле»,- деди УКМК төрагасы. Ал ошондой эле мамлекеттик чек араэч качан бир тараптуу чечилбесин айтып, эки тараптын тең кызыкчылыгы каралганын белгиледи. "Бир тараптуу чечилген чек ара жакшылыкка алып келбейт. Себеби экинчи тарап да ыраазы болушу керек. Тажик тарап менен тыгыз байланышта иштеп, керектүү жерлеринде алар, керектүү жерлеринде биз түшүнүшүүгө барып атып, чечтик»,— деди Ташиев. Парламенттин биргелешкен комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды колдоп берди. Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Төмөнкү үч макулдашуу колдоо тапты: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу; Автомобиль жолдорун куруу, жабдуу жана кесилиштерди пайдалануу (Төрт-Көчө) боюнча макулдашуу; Эки өлкөнүн министрлер кабинеттери ортосунда суу чарба жана энергетика объектилерин жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуу. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 / @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар