У нас вы можете посмотреть бесплатно Абдыкадыр Орозбеков (1889-1937-ж.ж.) или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Абдыкадыр Орозбеков (1889-1937-ж.ж.) Кыргыз саясий жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССР / Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун Төрагасы. Анын төрагалык астындагы жылдарында Кыргызстанда ондогон өнөр-жай ишканалары жана мектептер курулган. 1937-жылы сентябрь айында камакка алынып, атып өлтүрүлгөн. 1956-жылдын 21-майында өлгөндөн кийин акталган. Кыргыз ССРнин Эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин чечими менен Киргизская көчөсү Абдыкадыр Орозбеков атындагы көчөсүнө кайрадан аталган. Көчөнүн узундугу түндүктөн түштүкө 4,70 км. (Саадаев көчөсүнөн – Түгөлбай Ата көчөсүнө чейин). Бул көчөдө Бишкек шаарынын тарых жана маданий эстеликтери болуп эсептелинген административдик жана турак-жай имараттары, бир катар гүл бакчалар жана сейил бактар, №27 - орто билим берүүчү мектеби, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын имараты, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви, "Кыргызмамжердолбоорлоо" Мамлекеттик жерге жайгаштыруу долбоорлоо институту, Бишкек шаардык соту жайгашкан .- А.Орозбековдун бюсту (скульптор А. Усукеев) Пушкин көчөсүндөгү Борбордук сейил багындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн аллеясында орнотулган.