У нас вы можете посмотреть бесплатно ЧАКЫРЫЛБАГАН ТҮНКҮ КОНОК \ СААДАТБЕК МЫРЗАКУЛ уулу или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Өткөн жылдын берекелүү күз айларында борбор калаабызда көпчүлүккө анча маалым эмес, бирок ага күбө болушкан бир канчасынын жүрөгүнүн үшүн алып, түнкүсүн түштөрүнө кирип, тынчтык бербеген бир окуя болуп өткөн. Аны көргөндөр адегенде көздөрүнө ишенишпей бир топко баштары маң болуп, табышмактуу сырдын түйүнүн чече албай аң-таң болуп жүрүштү. Анын сырын көтү башынан өткөргөн көзү ачык кишиге айтып кайрылышпаганда ал бул сырдын жөн жайын божомолдоп айтып бербегенде, эч ким чече албай табышмактуу боюнча жүрө берет беле ким билет? Бир эсептен чуулгандуу окуя шаар ичин дүрбөлөңгө салып тарап кетпегени да жакшы болду. Буга чейин дайыма караңгыда эл уктаганда көчө жойлоп жүрчү сырдуу жигитти көргөн он чакты адамдан башка эч ким биле элек эле.Бирок кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет дегендей, бул окуя эртеби кечпи билинбей коймок эмес, баары бир бирде болбосо бирөөлөрдүн оозунан чыкмак. Дегинкиси тээ алмустактан бери эле адам баласы али билбеген нечендеген табышмактын табияттуу сырлары али ачыла элек боюнча эле жатат. Союз мезгилинде динге каршы күрөш катуу жүрүп кеткендиктен табигый сырдуу көрүнүтөрдү элге жарылялоого, угузууга мүмкүн эмес эле. Ошондуктан мындай нерселерге элебиз башынан даяр болбогондуктан коркуп, үрөйлөрү учуп кабыл алышчу. Кийинки күндөрү союз чачырап, баардыгы базар экономикасына өткөндөн бери ааламдагы сырдуу кубулуштар ачык ачык эле гези-журналдарга жарыяланып, радиодон угузулуп, теледен көргөзүлүп келе жатпайбы. Эмес ошондой сырдуу көрүнүштөрдүн бир үзүмүнө биз да күбө бололу. #АдилетЧубаков #аудиокнига #аудиокитеп #аудиокитоб #аудиокітап #аудиокитепкыргызча #audiobooks #китепKG