У нас вы можете посмотреть бесплатно Студенттердин келечекте жумуш менен камсыз болуусуна чоң мүмкүнчүлүктөр жаралды или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Ош технологиялык университетинин “Экономика жана финансы” кафедрасы Ош шаарындагы "РСК Банк" ачык акционердик коому жана Ош шаардык салык кызматы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык тыгыз иш алып барууда. Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде "РСК Банк" экономика адистигиндеги студенттерге “Банк ишмердүүлүгүнүн негиздери” предмети боюнча окуу-практикалык кабинетин пайдаланууга берди. Ошондой эле “Жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү салыктар” предметинен салык кызматынын алдыңкы адистери жана “Банктар аралык эсептешүү” предметинен кесипкөй банкирлер сабак өтүп бермекчи. Аталган ишканаларда студенттерге практикалык сабактарды өтүү менен бирге жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Студенттер окуу жайдан алган теориялык билимин өндүрүштүк практика менен айкалыштырууда.