У нас вы можете посмотреть бесплатно Оорукчан аялымды таштап кетсем өзүмдү жектеп өтмөкмүн. Турусбек Жумалиев менен маек или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргыз Республикасынын эл артисти Турусбек Жумалиев менен бала чагы, ата-энеси, алардын тарбиясы, сүйүүсү, турмушу жана эмгек жолу тууралуу баарлаштык. Кезинде көгүлтүр экранга көрк берген келишимдүү жигит болгонун ошол учурдагы көпчүлүк күйөрмандары унуткан эмес чыгар. Анткени менен маектешим өзүн келишимдүү мырзалардын катарына кошпогонун айтат. "Ушинтип келбет жөнүндө көп айтышчу. Мен аны жаштык менен көп деле түшүнчү эмесмин. Бул бир, экинчиден, эжемдин мен эс тарткандан эле "ай, сен капкара маймылга окшошсуң" деп айта берген сөзү көкүрөгүмө сиңип калыптыр. Ошол сөз мени кармап турду да, көптүргөн жок. Кыргызча айтканда арыдан бери кармады", — деди ал. Андан ары 37 жашында күйөөсүнөн айрылып, сегиз баласын жалгыз баккан апасы тууралуу айтты. Жумалиев сүйүүсүн Москвадан тапкан. Бул калаада окуп, драма жана кино актёру кесибине ээ болгон. Ошол студенттик күндөрдө Зоя аттуу кыргыз кызына, өзүнүн тайпалашына ашык болот. Арзышып баш кошуп, кийин тагдырдын жазмышы менен аялы оор илдетке кабылып, иштей албай, үйдө кароого муктаж болуп калган. Жумалиевдин талантынан тышкары мамилеге бекемдиги да копчүлүктү суктандырып келет. Аялы ооруган 25 жылда аны баладай бакканын баяндады. Соңунда театрда, искусттво үчүн жасап жаткан иштери менен бөлүштү.