У нас вы можете посмотреть бесплатно Айымдардын шериктештиги жана аял лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик саясат или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
2026-жылдын 29-январында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы тарабынан "Айымдардын шериктештиги жана аял лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик саясат" темасында алгачкы вебинар өткөрүлдү. Вебинарга жергиликтүү кеңештердин 70 депутат айым катышты. Иш-чаранын алкагында аял лидерлигин колдоо боюнча 2030-жылга чейинки мамлекеттик программаны ишке ашыруу, жергиликтүү деңгээлде аялдардын ортосундагы шериктештикти чыңдоо механизмдери, ошондой эле эл аралык тажрыйбалар талкууланды. Вебинардын тренери катары гендердик эксперт, жергиликтүү кеңештин депутаты Ормонова Авазхан чыгып, темага байланыштуу презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Белгилей кетсек, мындай онлайн жолугушуулар мындан ары айына эки жолу - ар бейшемби күнү - саат 19:00дөн 21:00гө чейин өткөрүлүп турат. Вебинарлар аял-депутаттардын потенциалын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана өз ара кызматташууну күчөтүүгө багытталган. #БАЖБА_АМУЦА #жергиликтүүкеңештинаялдепутаттары #КлубЖенщинДепутатовМК #ЖенскоеЛидерство #ЛидерАял