У нас вы можете посмотреть бесплатно ПРЕЗИДЕНТ 4 БАЛАСЫ МЕНЕН КӨЧӨДӨ КАЛГАН МАРАЛ ШАРАБОЛОТОВА МЕНЕН ЖОЛУКТУ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Президент Жапаров бүгүн, 5-мартта, "Ак-Ордо" конушуна пландан тышкары барып, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту. Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу Мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен. Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда. Президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди. БИЗ СОЦ ТАРМАКТА: #ЭлТР #Жанылыктар ИНСТАГРАМ: / eltr_kyrgyzstan ФЕЙСБУК: / elkanaly ТЕЛЕГРАМ: https://t.me/eltrkyrgyzstan ТВИТТЕР: / eltr_mtrk КАНАЛГА КАТТАЛЫП ТАКТАЛГАН, АКЫРКЫ КАБАРЛАРГА КҮБӨ БОЛУҢУЗДАР.