У нас вы можете посмотреть бесплатно ЖӨЛӨКПУЛДАР 100%дан 200%га ЧЕЙИН КӨБӨЙТҮЛДҮ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйдү Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат. Айтсак, аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом көмөк берилсе, 2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом бөлүнгөн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү төлөмдөр: Бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан баштап 8000 миң сомго жогорулаган. Майыптын категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин кошулду. Ал эми ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр 2022-жылдан тарта, жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдардыкы 2000 сомдон, 6000 сомго көтөрүлдү. Жогорудагы төлөмдөр үчүн бюджеттен 2021-жылы 4 млрд 136 млн 685 миң сом бөлүнсө, 2022-жылы 7 млрд 910 млн 498 миң сом каралган. Персоналдык ассистент, башкача айтканда дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган камкорчуга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулады. Бул үчүн бюджеттен 2021-жылы 491 млн 589 миң сом каралса, 2022-жылы 805 млн 933 миң сом бөлүнгөн. Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак ашына каралуучу төлөмдөр эки эсе көбөйдү. Ал үчүн, 2021-жылы мамлекет бюджетинен 79 млн 558 сом каралса, 2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, 2022-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген. Быйыл, 2023-жылга 10 миң үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат. БИЗ СОЦ ТАРМАКТА: #ЭлТР #Жанылыктар ИНСТАГРАМ: / eltr_kyrgyzstan ФЕЙСБУК: / elkanaly ТЕЛЕГРАМ: https://t.me/eltrkyrgyzstan ТВИТТЕР: / eltr_mtrk КАНАЛГА КАТТАЛЫП ТАКТАЛГАН, АКЫРКЫ КАБАРЛАРГА КҮБӨ БОЛУҢУЗДАР.