У нас вы можете посмотреть бесплатно Ош МЭРИ: КӨПҮРӨЛӨР СУУ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН КУРУЛУП БҮТСҮН или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
#мэр #рейд #снос ✅ Таңкы рейд: Атабаев жана Ю.Төлөнов көчөлөрүндөгү көпүрөлөр демонтаждалууда 📆 Ош шаары, 16-февраль саат 7:30 🔹 Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев жана Ю.Төлөнов көчөлөрүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. 🔹 Рейддин жүрүшүндө аталган көчөлөрдө жайгашкан үч көпүрөнүн демонтаждоо иштери жеринде текшерилип, курулуш процессин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилди. Шаар башчысы иштерди белгиленген мөөнөттө жана коопсуздук талаптарын сактоо менен аяктоону милдеттендирди. 🔹 Белгилей кетсек, быйыл Атабаев жана Ю.Төлөнов көчөлөрү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айландырылат. Долбоордун алкагында эски көпүрөлөр толугу менен жаңыланып, кеңейтилген заманбап көпүрөлөр курулууда. ———————————————— Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия