У нас вы можете посмотреть бесплатно Ош шаарында сноско кабылган жарандар менен шаардык мэриянын өкүлдөрүнүн ортосунда маек или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Ош шаарында жеке менчик объекттердин сносу боюнча талкуу уланууда. Видеодо шаар тургундары снос жүргүзүлгөн учурда компенсация төлөнбөгөнүн айтып чыгышат. Алардын айтымында, бул маселе бүгүнкү күнгө чейин толук чечиле элек. Ошол эле учурда жарандар Ак-Буура дарыясынын корук зонасына тиешеси жок объекттерди да бузуу тууралуу эскертүүлөр жана коркутуулар болуп жатканын билдиришүүдө. Бул жагдай тургундарды олуттуу тынчсыздандырып жатканы айтылат. Жарандардын сөзүнө караганда, алардын колунда Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык берилген, жеке менчик укугун тастыктаган бардык тиешелүү документтер бар. Өз кезегинде Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү компенсация белгиленген тартипте, кезек менен төлөнүп жатканын билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата бул максатка 400 миллион сом каражат бөлүнгөн. Мэрия ошондой эле снос иштери борбордук базарды көчүрүү тууралуу шаардык кенештин токтомунун негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Шаардык кенештин депутаттары шаар тургундары тарабынан шайланган өкүлдөр экени айтылды. Бул видео маалыматтык максатта жарыяланды. Максаты — коомчулук эки тараптын позициясын угуп, кырдаалга өз алдынча баа бере алышы үчүн. #Ош #Снос #Компенсация #АкБуура #КорукЗона #ЖекеМенчик #Конституция #МэрияОш #ШаардыкКенеш #КоомдукТалкуу