У нас вы можете посмотреть бесплатно Душманды титиреткен Абу Убайда или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Душманды үнү менен коркуткан шейит - Абу Убайда Газанын караңгы көчөлөрүнөн бир үн асманга көтөрүлчү. Жүзү көрүнчү эмес, бирок сөздөрү мазлумдун жүрөгүнө үмүт, ишеним салса, а душмандын жүрөгүнө коркуу салар эле. Аты менен Ислам үчүн күрөштү эске салган, кызыл куфиясы менен тайманбастыктын символуна айланган үн Абу Убайдага таандык болчу! Көзүнөн башка эч жери көрүнбөгөн, ким экени билинбеген, ар прессага чыгып сүйлөгөн сайын душманды психологиялык жана маалыматтык согушта жеңилүүгө учураткан бул беткапчан адам ким? Абу Убайда - Исламий каршылык көрсөтүү кыймылынын - ХАМАСтын куралдуу канаты Аль-Кассам бригадасынын басма сөз катчысы. Өз аты Хузайфа Самир Абдулла Аль-Кахлут. 1985-жылы Жабалия качкындар лагеринде төрөлүп, өскөн. Анын үй-бүлөсү дагы 1948-жылдагы Накба учурунда Ниилья кыштагынан качууга аргасыз болгон. Накба - бул Израиль мыйзамсыз түрдө өлкө болуп түзүлгөндөн кийинки палестиналыктарга каршы уюштурган кыргын. Кыргындын жыйынтыгында 700 миңдей палестиналык үйлөрүнөн ажырап, качууга аргасыз болгон, 100дөн ашык Палестина айылдары тыптыйпыл болгон.