У нас вы можете посмотреть бесплатно Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Бүгүн, 2024-жылдын 28-ноябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Нарын облустук мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, имарат заманбап талаптарга жооп берет жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүүлөрү камтылган. Мындан тышкары, жаңы техникалык жабдуулар коомдук тартипти камсыздоону дагы эффективдүү иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков бөлүмдүн жаңы имараты жергиликтүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматтардын сапатын жакшыртаарын баса белгилеп, “Жаңы имарат биздин кызматкерлерге ишти сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө зор мүмкүнчүлүк берет. Бул коомдук коопсуздукту камсыздоодо жаңы этаптын башталышы” –деди министр өз сөзүндө. Коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу — баарыбыз үчүн башкы милдет! ИИМдин Басма сөз кызматы