Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео




Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru



САЛИМА БАЛТАЕВА - Досторго - караоке кыргызча тексти менен

🎵 Керимбек Кадыракуновдун сөзүнө жазылган Адылбек Кыязовдун "Досторго" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Салима Балтаеванын аткаруусундагы варианты тексти менен. 🎤САЛИМА БАЛТАЕВА - Досторго ырынын үнү жок (минус) варианты    • ДОСТОРГО ыры - кыргызча караоке минус...   🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат. 🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген: ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген; ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган. ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl ☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV 🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар. 🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар. 🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз. 👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ 💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ❗ ЭСКЕРТҮҮ: © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз. #ыркесе #кыргызча_караоке #караоке_тексти_менен #karaoke_kg #yrkese ====================================================== --- "Досторго"---- сөзү: Керимбек Кадыракунов обону: Адылбек Кыязов Аткаруучу: Салима Балтаева ------------------------------ Аткан таңды, баткан күндү тең көрүп, Бир дарактын бариктери өңдөнүп. Ортобузда орой мүнөз болгон жок, Бапырашып бар нерсени тең бөлүп. Кайырма: Достор, достор, достор ай. Өмүр жолун кошкон ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай. Достор, достор, достор ай. Өмүр жолун кошкон ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай. Жашыбыздан ыйман-ызат деп көндүк, Адал иштеп, ак эмгекти эп көрдүк. Жаратканга тобо кылам, турмуштун Ачуусунан таттуураагын көп көрдүк. Кайырма: Достор, достор, достор ай. Өмүр жолун кошкон ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай. Достор, достор, достор ай. Өмүр жолун кошкон ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай. Кол жылытар, коломто отун күйгүзчү, Дос кадырын турмуш тактап билгизди. Аёо сезим, аппак болсо дилибиз, Өткөнгө бир тартып турар сый бизди. Кайырма: Достор, достор, достор ай. Өмүр жолун кошкон ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай. Достор, достор, достор ай. Өмүр жолун кошкон ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай. Жашоодогу жакшы күндү, Силер менен тоском ай.

Comments