У нас вы можете посмотреть бесплатно Сузакта болгон үй-бүлөлүк зомбулук парламентте көтөрүлдү или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова коронавирус илдети социалдык көйгөйлөрдүн жүзүн ачканын айтып, Сузак районундагы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин көтөрдү. Депутат өкмөт бул багытта иш-алып барышы керектигин айтты. 12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. 13-июнда зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы киши 15 күнгө камалган. Кийин күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял аны кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып бергени айтылган.