У нас вы можете посмотреть бесплатно Малик Аликеев - БИР АК КУУ (Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү) (тексти менен) или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
🎵 Muras Music — Сезимдер үнү шаңшыган мейкиндик Бул YouTube канал сизге жүрөккө жакын, эргүү тартуулаган ретро чыгармаларды тартуулайт. Бул жерден унутта калып бараткан кыргыз обондору, көөнө көркөм өнөрдүн кайталангыс кайрыктары орун алат. 🎶 Биздин максат - кыргыз маданиятын, улуттук музыкалык мурастарды дүйнөлүк угармандарга жеткирүү. 📌 Каналда жарыяланган бардык чыгармалардын укуктары тиешелүү авторлорго жана укук ээлерине таандык. 🎵 Muras Music — пространство, где звучат чувства Этот YouTube-канал предлагает душевные, вдохновляющие ретро-произведения. Здесь собраны забывающиеся кыргызские мелодии и уникальные мотивы традиционного искусства прошлого. 🎶 Наша цель — донести кыргызскую культуру и национальное музыкальное наследие до мировой аудитории. 📌 Все произведения, опубликованные на канале, принадлежат соответствующим авторам и правообладателям. 🎵 Muras Music — a space where emotions resonate This YouTube channel offers heartfelt and inspiring retro music. Here you will find forgotten Kyrgyz melodies and unique motifs of traditional artistic heritage. 🎶 Our goal is to share Kyrgyz culture and national musical heritage with a global audience. 📌 All works published on the channel belong to their respective authors and copyright holders. 🤝 Кызматташуу жана байланыш үчүн/ Для сотрудничества и связи / For collaboration and contact: Instagram — @muras_media_kg #MurasMusic #МурасМузыка #KyrgyzMusic #RetroKyrgyz #УлуттукМузыка #КыргызМузыкасы Сөзү: Надырбек Алымбеков Обону: Сталбек Бактыгулов Азаттык берип пендеге, Ач ажал качан көндү эле? Кыргызда сулуу болсун деп, Кылымга төрөп берди эле. Өлүмгө өмүр жем беле? Өмүрлөр алсыз, жөн беле? Билиги жанып балбылдап, Бир сулуу бизге келди эле. Табият берген кут беле? Таалайы жарык кыз беле? Соолбос дайра, көл издеп Соң-Көлдөн чүрөк учту эле. Карлыгач сулуу куш беле? Кайыптан бүткөн кыз беле? Алыска сапар жол тартып Ак куусу көлдүн учту эле. Керемет шыгы курч беле? Кенедей кезден ырчы эле. Жылмайган сулуу ажарын, Жылдыздар коштоп турчу эле. Таланты ташып курч беле? Таңшыган торгой ырчы эле. Татына жүзүн көргөндөр, Тамшанып карап турчу эле. Буралып чыккан гүл сулуу, Бугу жок, таза дил сулуу. Бул элдин шору бар экен Буюрбай кетти бир сулуу. Ай менен бирге түн сулуу, Ааламдын көркү күн сулуу. Армандуу дүйнө ушул экен, Адашып кетти бир сулуу. Айтабыз эми кай кепти, Аптабын төкпөй жай кетти. Буулугуп ыйлап ичинен, Булуттан чыкпай ай кетти. Акмарал качып, аң кетти, Айталы эми кай кепти. Арманын козгоп көп элдин, Ажары сүйкүм жан кетти. Кайберен кайып сыяктуу Калтырып кетти бир ак куу, Күйүттү козгоп үн салат Күмүштөй таза булак суу. Адашкан аркар сыяктуу Арманда кетти бир ак куу. Жүрөктү көзөп сызылат Жүлүндөй ичке булак суу. Көңүлдүн толбойт көксөөсү, Өмүрдүн толбойт бөксөөсү. Ээн баш ажал кеч келип Элүүнү жашап кетсечи! Арзуунун бүтпөйт көксөөсү, Армандын бүтпөйт бөксөөсү. Аң турган ажал кеч келип, Алтымыш жашка жетсечи! Ээн баш ажал кеч келип Элүүнү жашап кетсечи!