У нас вы можете посмотреть бесплатно Замир Акжолбекович жабылды/ Министрлик айып салып, милиция текшерип баштады или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензия бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов элдик дарыгер Замир Акжолбековичти текшерип барды. Анткени ушул адамдан дары алып, зыян тарттым деп 3 адам арыз жазыптыр. Анын алдында эле биздин иликтөө чыгып, бир нече мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн. Текшерүү учурда Замир Акжолбекович өзү иштеген жеринде жок экен, анын ордуна бир тууган агасы Айманбек Жумакеев келип жооп берди. Анда дары-чөптөрү шек жаратып, мыйзамсыз сатып жатканы жана иштөөгө лицензиясы жоктугу аныкталды. Тийиштүү документтерин сурады эле “адвокатым жок эч нерсе бербейм” деп көрсөтпөй койду. Мындан улам медициналык иштер менен мыйзамсыз алектенгени үчүн 100 миң сом айып салып, милиция чакырды. Свердлов РИИБдин ыкчам-тобу келди эле аларды да ичине киргизбей, документтерин көрсөткөн жок. Тергөөчү жеринде сурак кылып, бүт эшиктерине мөөр басып, жаап кетти. Ишти мындан ары милиция иликтейт. Тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип турабыз. Элдик дарыгер Замир Акжолбековичтен зыян тарткандар болсо Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензия бөлүмүнө жана Свердлов РИИБге кайрылсаңыздар болот.