У нас вы можете посмотреть бесплатно Шеримкулов Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү парламентти таркаткан N1 декрети мамлекеттүүлүккө каршы или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
“Парламентти таркатуу маселеси боюнча айтсам, эч кимдин жалпы эл шайлаган парламентти таркатууга укугу жок. Конституцияда парламент кандай жол менен таркашы боюнча атайын эреже бар. Башка эч кандай жол жок! Буга байланыштуу, мени Роза Исаковна туура түшүнөт деп ойлойм, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн жалпы эл шайлаган парламентти жөн эле таркатып салган N1-декретин антиконституциялык, мамлекетке каршы декрет деп эсептейм!”- деп билдирди кечээ, 21-декабрда мамлекеттик “Ала-Арча резиденциясында кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияда экс-спикер Медеткан Шеримкулов.(Кол чабуулар) “Мындай болушу мүмкүн эмес! Эч кимге мындай укук берилген эмес! Бир орган экинчи бир органды таркатууга акысы жок. Өздөрү эле келген адамдар парламентти таркатууга, мамлекеттик органга асылууга укугу жок. Мындайды биз кескин тыйышыбыз керек, колго чабышыбыз керек. Дагы бир жолу биз мындай ишти колдосок анда мындай мамлекеттик органды тарката турган функцияны колго ала турган адамдар дагы чыга берет. Мамлекеттин стабилдүүлүгү, элдин тынчтыгы үчүн мындайга эч качан жол берилбеш керек! (кол чабуулар)” – деди экс-спикер Медеткан Шеримкулов.