У нас вы можете посмотреть бесплатно ККМ киргизүү иштери жөнүндө или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдык Кадыров онлайн контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Ал 2021-жылдын 1-июлунан тартып кайсы ишкердик субъекттер үчүн ККМди колдонуу милдеттүү болгондугун, жаңы талаптарга жооп берген ККМ кандай болорун, эмне үчүн субъекттер аларды колдонушу керектигин эске салды. Адис ошондой эле Салык кодексиндеги жаңы ченемге да токтолду, ага ылайык ККМди колдонуу жоопкерчилиги ижарачыга гана эмес, ижарага берүүчүгө да жүктөлөт. Бул ченемге ылайык, ижарага берүүчү келишимде ижарачынын ККМди колдонуу зарылдыгы жөнүндө талапты жазууга милдеттүү. ККМди ким колдонушу керек? Бул – калк менен накталай түрдө эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъекттер, башкача айтканда соода чөйрөсүндө (дүкөндөр, бутиктер, май куюучу жайлар, соода борборлору), коомдук тамактануу жана башка чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө (бильярд, сауна ж.б.) иштеген ишкерлер. Бүгүнкү күндө 44 миң ККМ катталды. 2021-жылдын сентябрында ККМ колдонгон субъекттердин саны 20 миңди түзгөн.