У нас вы можете посмотреть бесплатно "Жаныш Байыш"дастаны, толугу менен.Улукбек Токтоболот уулу. или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргыз элинин көлөмдүү дастандарынын бири бул Жаныш Байыш дастаны.Бул турмуштук дастан. Жаныш Байыш дастаны бизге көп өнөрпоздор аркылуу жеткен.Ошолордун ичинен Калык Акиевдин вариянтын тандап, аудио аркылуу элге жеткирүүнү туура деп чечтик. Дастанды эл аралык КРИСТЕНСИН фонду каржылап аудио үлгүсүндө жаздырып алууга көмөктөштү. Илгери кыргызда Азирет деген хан болуп, ары балбан ,ары шер,аяр көрөгөч жан болгон.Азиреттен Нуркан ,Нуркандан Жаныш Байыш. Жаныш төрөлүп бир жаштан өткөндө Азирет хан дүйнө салган. Жаныш эки жашка чыкканда энеси Гүлүкандын боюна бүтүп, жолборустун жүрөгүнө талгагы канып- канбай жатып Байыш төрөлгөн. Агасы Жаныш акылга дыйкан ,балбан жана баатыр болот. Иниси Байыш ,балбан жана баатыр ,көк жал болот.Эр жетип Жаныш 18 жашында Байыш 16 жашында чоң атам Азирет хандай болуп кылкылдаган кытайды чабам деп оолугуп аттанып чыккан. Согуштан Байыш туткунга кетип Агасы жарадар болуп Ала Тоого кайтып келип, жети жылдан соң куткарып келген окуялар айтылат. Үн жаздыруу белгилүү музыкант Асылбек Насирдиновдун "Комуз" студиясында 2017-жылы жазылды. Аткарган Токтоболот уулу Улукбек. Урматтуу угармандар, дагы башка дастандардын толук вариянтын уккуңуздар келсе, же үн жаздырууга спонсорлук кылып жардам кылгыңыздар келсе кайрылсаңыздар болот.