У нас вы можете посмотреть бесплатно "КҮЛГҮН ЖАШ" Сөзү. Насирдин Байтемиров. Обону .Бектемир Эгинчиев. Бектемир Эгинчиевдин аткаруусунда. или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Тадагы гана чолпон өңдөнүп, Жалжылдап сүйкүм күлүшүң. Жыргаткан бозой мүнөзүң, О чиркин, жаштыктын алтын гүлүсүң. Акылың тунук булактай, Аркар көз күйгөн чырактай. Кайыкта бирге баратсак, О чиркин, калбастыр арман тырмактай. Мен булбул гана таңда таңшыган, Сен бир гүл тоодо аңкыган. Абадагы ээ-эй сен чолпон, О,чиркин айдай жүзүң балкыган. Өмүрдүн алыс сапарын, Айдасак деймин кайыгын. Жаштыктын алтын көлүнөн, О, чиркин кармасак алтын балыгын. Эгинчиев Бектемир (1916–1964)- обончу, ырчы, комузчу, актер Эгинчиев Бектемир Кемин районунун Көк-Ойрок жайлоосунун Айтымбет деген жеринде 1916-жылы туулган. Эгинчиев Бектемир Эмгек жолун 1936-жылы Токмоктогу колхоз-совхоз театрында артист болуп иштөөдөн баштаган. “Токтогул” пьесасында Токтогулдун, “Жаңыл Мырза” пьесасында Түлкү баатырдын ролдорун аткарган. 1942–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеп, «Айнагүл», «Балажан», «Алымкан», «Ак бермет», «Күлгүн жаш», «Сайран күү», ж.б. обондорун жараткан. Ал элдик күүлөрдү да аткарып, комузчулар ансамблине активдүү катышкан. Анын ырлары комузда, оркестрдин коштоосунда аткарылган. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан. Ал 40тан ашык обон жаратып, обондору республиканын аймагында жана андан тышкары коңшулаш элдерге да белгилүү болгон. Автордун “Айнагүл” аттуу ырлар жыйнагы 1969-жылы “Мектеп” басмасынан композитор Б.В.Фефермандын түзүүсүндө, музыка таануучу Б.Алагушовдун баш сөзү менен жарык көргөн. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы, медалдар менен сыйланган. Анын аялы Какишева Бурулча балдары Барчын, Аман.