У нас вы можете посмотреть бесплатно ЭМИ КЕҢ-САЙГА БАРЫП ЖАШАСАҢЫЗ БОЛОТ. ТАЗА СУУ ЧЫКТЫ... или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана массивдин тургундары ичүүчү сууну берүү саамалыгына чогулушту. Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылды. Анын алкагында насос станциялары курулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жаңы суу кампасы салынды. Ак-Тилек айланма жолунун аймагында саатына 300 м³ суу берүүчү заманбап 1-насос станциясы курулду. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында 2-насос станциясы курулуп, ал да саатына 300 м³ көлөмдө суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эки насос станциясы автоматташтырылып, “акылдуу насос” системасы аркылуу иштейт. Кең-Сай массивине таза суу жеткирүү үчүн жалпы узундугу 7,1 метр болгон полиэтилен суу түтүктөрү тартылды. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында көлөмү 600 м³ болгон жаңы суу кампасы курулду. Бул суу кампасы (резервуар) Кең-Сай массивин туруктуу жанажетиштүү көлөмдө таза суу менен камсыздоого багытталган. Кең-Сайга таза суу берүү иштери 15 жыл мурун башталып, бирок ишке ашпай токтоп калган. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен 6 ай ичинде конуштун таза суу маселеси чечилди.