У нас вы можете посмотреть бесплатно ЖАМУнун окутуучулары жана кызматкерлери арасында «Ден соолук - 2026» кышкы спартакиадасы старт алды или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк жөнүндө жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын «Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө», 2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаларын ишке ашыруу максатында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институттар аралык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында өтүлүүчү “Ден соолук-2026” спартакиадасы старт алды. “Ден соолук-2026” спартакиадасы быйыл заман талабына ылайык толук оңдоп түзөөдөн өткөн спорт залда өткөрүлдү. Спартакиаданы өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык документтерин жана улуттук программаларын ишке ашырууга салым кошуу, ЖАМУнун 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу, университеттин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында дене тарбияны жана спортту кеңири пропагандалоо, университет жамаатынын ортосунда ынтымакты бекемдөө. Оюндар ар бир спорттун расмий эрежелерине ылайык каралып, финалдык беттешүүлөр кайчылаш (кросс) система боюнча өткөрүлөт. Командаларга орундарга жараша упай берилет. Жалпы командалык эсеп эң жогорку упай топтогон командалар боюнча аныкталат. Спорттук таймашка окуу жайдан 7 команда катышып, спорттун жети түрү боюнча күч сынашат. Белгилей кетсек ЖАМУда кышкы спартакиада жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 19-январда башталып, жыйынтыгы 24-январда чыгат. Жеңүүчүлөргө ректорат тарабынан кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар каралган.