У нас вы можете посмотреть бесплатно АКТЕР ЭКИ ЖҮЗДҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК | САДЫР САГЫНБАЕВ | кыргызча подкаст или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргыз киносунда сиз жек көрүп көргөн каарман… Чыныгы жашоодо таптакыр башка адам болуп чыксачы? Бул жолу подкасттын коногу — көп жылдар бою экранда жалаң терс каармандарды жараткан актер Садыр Сагынбаев. Көпчүлүк аны “Аманат” тасмасындагы криминал дүйнөсүнүн өкүлү — “Балта”образы аркылуу тааныйт. Бирок көрүүчү билбеген бир чындык бар… Жаш актер кезинде ага кыргыз киносунун легендарлуу режиссеру Геннадий Базаров дем берип, чоң сахнага жол ачкан. Ал эми кыргыз эли сыймыктанган Сүймөнкүл Чокморов жеке өзү кеңеш айтып: «Өмүрүңдү тобокелге салба, трюктарды каскадер аткарсын» — деген экен. Дагы бир кызык факт: Залкар обончу Рыспай Абдыкадыров актерго өз колу менен комуз белек кылган. Экранда — катаал, суук, криминал образ. Чыныгы жашоодо — комуз жасап, тынч өмүр сүргөн адам. Эмне үчүн режиссерлор аны дайыма терс ролдорго чакырышат? Эмне үчүн актер бүгүнкү күнгө чейин оң каарманды ойноону кыялданат? Жана “Балта” образынан кийин анын жашоосу кандай өзгөргөн? Толук маек — подкастта. Сиздерге жагымдуу көрүүнү каалайбыз! ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: • instagram (Мелисбек): https://www.instagram.com/m__rasmi?ig... • instagram (Mpodcast): https://www.instagram.com/m__rasmi?ig... ——————————————————————————— ► Подкасттын үстүндө иштегендер: Автор: Мелисбек Кудайбердиев Оператор: Маруф Шакиров ——————————————————————————— ► Тайм-коддор: 00:00 - Анонс 01:34 - Актер учурда эмне менен алек? 02:14 - Өмүр баяны 05:38 - Кандай сыйлыктарды алгансыз? 05:41 - Наам, сыйлыктын баасы канчалык? 06:40 - Чыгармачылык жолу 08:01 - Сүрөтчүлөрдүн эмгеги эмнеге мурункудай бааланбай калды? 09:42 - Алгачкы тартылган тасма 20:50 - С.Чокморов кандай сабак берди? 23:53 - Сүрдү кантип жеңдиңиз? 25:53 - Балтанын ролун аткаруу канчалык кыйын болду? 28:24 - Сизди көргөндөр кандай реакция кылышат? 32:12 - Таанымал болгондон кийинки жашоо кандай болду? 33:52 - “Каралар” менен байланышы болгонбу? 35:47 - Терс каармандын образ көрүүчүгө эмнени бергиси келет? 36:25 - Чет өлкөлөргө дагы чакыруулар болобу? 37:07 - Актер өзү кандай каарманды аткаргысы келет, кыялы? 37:42 - Оң каарманды ойносоңуз эл ишенеби? 38:07 - Кандай тасма тарткыңыз келчү? 42:20 - Жеке жашоосу 43:30 - Комуз чаап кинодон көп акча табасызбы? 44:29 - Актерлук, сүрөтчүлүк менен эмнеге жетиштим деп ойлойсуз? 45:05 - Кайра тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, азыркы кесибиңизди тандайт белеңиз? 46:06 - Тарыхый тасмаларда роль жаратайын деген ой барбы? 46:48 - Маданиятты эмне үчүн колдоо керек? 49:46 - Сыйлык, наамдар жок экенине өкүнбөйсүзбү? 57:25 - Комуз жасоо өнөрү 59:42 - Жыйынтыктоо #актер #кино #сериал