У нас вы можете посмотреть бесплатно Склероз оорусу менен ооругандарга! или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Эмне үчүн унутчаак болуп баратабыз. Эмне үчүн Куран же хадис жаттай албай жатабыз. Эмне үчүн “Башыма кирбей жатат”-деп кечке эле арыздана беребиз. Же болбосо бирөө менен таанышкан кезде эмне үчүн атын кайра кайра сурай беребиз. Склероз оорусу! Бул-учурдагы олуттуу эле бир ооруга айланып бараткандай. Рисале-и Нур тафсирдеринде бул оору тууралуу кенен айтылат. Биз ал жерден кыскача алып карап көрөлү. Бир күнү Бадиуззаман Саид Нурсинин бир хафыз шакирти келет да: “Устаз! Күн өткөн сайын унутчаак болуп баратам. Эмне кылсам болот деп кайрылат.” Бадиуззаман болсо: “Мүмкүн болушунча намахрамдарга, б.а. чоочун аялзатына караба. Көзүңдү сакта! Себеби Имам Шафи РА:“Арам нерсени кароо унутчаактык оорусун алып келет”-деп айткан”-деп жооп берет. Ооба. Эркек киши жаман нерселерди, намахрамдарды көп караган сайын жаман сезимдер, жийиркеничтүү каалоолор ойгонуп кетет. Натыйжада бир эле жуманын ичинде бир нече жолу гусул болуп калуу абалына дуушар болот эркек киши. Табигый көрүнүштөн ашыкча бир деңгээлде гусул боло берүү эске сактоо системасына зыян болуп, унутчаактыкты алып келет. Бузукулуктар ачык эле жайылып жаткан ушул кылымда, айрыкча биздин өлкөгө окшогон ысык жерлерде, өзгөчө жай айларында бул маселе орчундуу абалга алып келет. Аны менен эле чектелип калбастан соц тармактаргы көрүнүштөр жа өзүнчө чоң сыноо. Чынында аялзатынын табиятында кооз көрүнүү, боёнуп-жасануу, сулуу болуу бар. Бул сезимди Аллах берген. Бирок бул сезимди соц тармактарга сүрөттөрүн коюп башкаларга өзүн көрсөтүү үчүн берген эмес. Тескерисинче өзүнүн эркегине, күйөөсүнө сулуу көрүнүү үчүн, башка намахрамдардан күйөсүнүн көңүлүн өзүнө буруу үчүн берген. Эгер бир коомдо көзүн сактабаган эркектер көбөйүп кетсе ошол коомдун эркектери алсыз, назик, күчсүз болуп калышат. Ошону менен бирге эске сактоосу да начарлап, илимге болгон кызыгуусу азаят. Барган сайын караңгылыка кептеле берет. Ибадаттар да адамга ыракат бербей, ибадаттан жийиркенип, качып калат. Төрөлгөн муун да алсыз, күчсүз, оорукчан болот. Пайгамбарбызы САВ бир хадисинде: “Акыр заманда хафыздардын көкүрөгүнөн Куран чыгып кетип, унутулуп калат”-деп айткан. Т.а. көздү сактабоонун натыйжасында кээ бирөөлөрдүн көзүнө Куранга карата парда тартылып калат. Унутчаактык оорусу күчөп кетет. Аллахым бизди көзүн сактагандардан кылсын!