У нас вы можете посмотреть бесплатно “Согуштан келген күйөөм түнү менен ыйлап, бакырат” или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери орусиялык 325 миңдей аскер набыт болгон. Жаракат алгандар менен дайынсыз кеткендерди кошкондо Орусияда жалпы жоготуулар 1 миллион 200 миңге жакындайт. Төрт жылдан бери уланып жаткан бул согушта эки тараптын жоготуулары жалпысынан 2 млн. кишиге чукулдайт. Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) январь айындагы маалыматындагы бул сандар борборазиялык, анын ичинде кыргызстандыктарды да камтыйт. Кан күйгөн согушка кеткен күйөөсүн жоготуп, ондогон аял жесир калса, далайы телмирип жол карап, дайынсыз кеткен жакынын күтөт. Бул согуш ондогон наристени ата мээриминен ажыратып койду. “Азаттык” бул жолу согуштун аялдарга тийгизген таасири, алардын аянычтуу тагдырын баяндайт. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus