У нас вы можете посмотреть бесплатно Айыл өкмөтү деген ким, жана анын миссиясы (милдети) эмнеде? или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Айыл өкмөтү деген ким, жана анын миссиясы (милдети) эмнеде? Биринчиден, айыл өкмөтү – айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы. Ал жергиликтүү эл тарабынан шайланат. Айыл өкмөт, айылдык аймакта аткаруу бийлигинин өкүлү болуп саналат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын карамагында эмнелер бар? Эң маанилүүсү – муниципалдык менчик. Башкача айтканда жергиликтүү жамааттардын менчиги. Кийинкиси, айыл өкмөтүндө иш алып барган муниципалдык кызматкерлер. Экинчиден, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - калк тарабынан тике шайлануучу коллегиялуу орган. Аларга айылдык жана шаардык кеңештер кирет. Жергиликтүү кеңештер 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Аймактын жашоо-турмушунун өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын карамагына: аймакка инвестиция тартуу, муниципалдык менчикти башкаруу, калкты ичүүчү суу, канализация жана жолдор менен камсыз кылуу сыяктуу жергиликтүү маанидеги 25 маселе таандык кылынат. Бул маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бир катар каржылоо булактарын ээ. Алар: жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет, бюджеттен сырткары – аймактарды өнүктүү фонддору, донор жана демөөрчүлөрдүн каражаттары.