У нас вы можете посмотреть бесплатно ПРЕЗИДЕНТ ЭКИ ЖЕТЕКЧИГЕ КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Президент Садыр Жапаров Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерине бөрк ал десе баш алганды токтоткула деди. Эки калаанын жетекчилери түндө рейд өткөрүп, 22:00дөн кийин той өтүп жаткан кафе-ресторандарды эле эмес, тамактануучу жайлардан бери жаптырып, тынч отурган элди кубалап чыгарганын видеого тартып коомчулукка жарыялаган. Буга өлкө башчысы ачууланып, бүгүн фейсбук аркылуу жетекчилерге катуу эскертүү берди. “Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды! Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте «ЭМНЕ, МАМЛЕКЕТ ТӨЛӨЙТ ДА» деген кайдыгер жетекчилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөөдөн баштагыла. Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула”, - деп жазды президент.