Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб Борбор Азияда аңчылык туризмин өнүктүрүү в хорошем качестве

Борбор Азияда аңчылык туризмин өнүктүрүү 5 лет назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru



Борбор Азияда аңчылык туризмин өнүктүрүү

Борбор Азия өлкөлөрүндө аңчылык туризмин өнүктүрүү. Аталган багытты өрчүтүү максатында ушул аймактын бермети катары саналган тоо эчкилерине мүнүшкөрлүк кылууга маани берилген. Максат - үйүрдөгү репродуктивсиз кары кочкорлорго аңчылык кылуу аркылуу тукумдун санын көбөйтүү. Табият сакчыларынын айтымында, урук таратууга жараксыз жапайы жаныбарга берилген лицензиянын баасынын негизги бөлүгү илимге бөлүнүп, калганы бюджетке түшөт. Натыйжада тоо текелеринин генетикасы, оору түрлөрү менен таралуу ареалы толук изилденип, азыктана турган жем-чөп базасы иретке келтирилет. АКШ, Канада, Мексика, Африка жана Иран өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашкан аталган долбоор эми Борбор Азия аймагында кенен киргизилип жатат. Мисалы, Кыргызстан менен Тажикстанда 10 жыл мурун колго алынган алгылыктуу иштин аркасында тоо эчкилеринин саны эки эсеге өскөн. Казакстан да ушул толкунга кошулат. Бүгүнкү күндө өлкөдө 17 миңден ашуун аркар бар. Бул популяциянын көп тукумдары бир гана Казакстандын аймагында кездешет. Ошондуктан жергиликтүү адистер бул долбоор чет өлкөлүк аңчылардын кызыгуусун ойготоруна ишенишет. БАТЫР СЕЙКЕНОВ, УЛУТТУК ТУРИЗМ КОМПАНИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ: Жапайы койлорду изилдөө керек. Мониторинг жасоо үчүн атайын каргылар алынат. Алардын генетикасын талдоо зарыл. Ал үчүн денесин алуу керек. Чет өлкөлүк туристтерге жапайы жаныбардын мүйүзү гана керек. Ал эми калган денесин биз алып текшеребиз. Бул чара өнүккөн өлкөлөрдө мурунтан колго алынган. Аталган тажрыйбаны өзүбүздө киргизсек дейбиз. Анын аркасында келечекте биздеги аркарлардын катары алгылыктуу өсүшү керек. КУРТ АЛЬТ, ЖАПАЙЫ КОЙЛОР ФОНДУНУН МҮДҮРҮ / АКШ: Алдыдагы тажрыйбалардын натыйжалары көрсөтүп жаткандай долбоордун эффективдүү таасири болот. Төмөндөп кеткен популяциясы өсүп, мекендей турган аймагы кеңеет. Аркарлар жок болуп кеткен жерлерине кайтышат. Тоо эчкилеринин өсүшү аймактагы илбирстин санын көбөйтүүгө таасир берет. Себеби, аркар илбирстердин башкы азыгы катары саналат.

Comments