У нас вы можете посмотреть бесплатно Жаны Ноокат 1 или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Ноокатта чырдашкандар баары бир улуттун өкүлдөрү. 2019-жылдын 11-декабрь күнү 17:00 чамасында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз атчан адамдар бейбаштык аракеттери менен жолдон өтүп бара жаткан автоунааларга ат салышып колундагы нерселери менен айнектерин талкалап, мындагы жарандардын денесине жаракат келтиргендиги боюнча маалымат кабарланган. Заматта Ноокат РИИБнин Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы Ноокат РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жетип барышып атчандарды таркатышкан. Жарандардан түшкөн арыздарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266- (Бейбаштык) беренеси менен катталып тергөө иштери башталган. Жаңжалдын чыгыш себеби такталып, бул окуяга катышы бар жана күбө болгон жалпы 50 гө жакын жарандар тергөөгө чакырылып, тергөөнүн жүрүшүндө чыр чыгарганга себепчи болушкан 6 жаран Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алар: 2000-жылы туулган М.М, 1997-жылы туулган М.Д, 1996-жылы туулган С.М, С уулу А, жана З.А, 1995-жылы туулган М.С. Аларга карата 48 саат ичинде баш коргоо чарасы каралат. Бул окуя боюнча жалпысынан 5 арыз түшкөн. Арыз ээлери автоунаасына, турак жайына материалдык зыян келтиргендиги жана денесине жарат алгандыгы боюнча кайрылышкан. Чырдашкан тараптар баары бир улуттун өкүлдөрү. Учурда тергөө иштери улантылууда. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.