У нас вы можете посмотреть бесплатно Султан Ибраимов ӨМҮРҮ жана ӨЛҮМҮ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
1980-жылдын, 4-декабры… Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясы… Султан Ибраимов, жубайы Рева Ибраимова жана кичүү баласы 5 жаштагы Айбек бөлмөдө болчу. Айбек ыйлап, кыжаалат боло бергенинен күйөөсү тынчыраак эс алсын деп Рева айым кошуна бөлмөгө чыгып кетет. Султан Ибраимов болсо уктоочу бөлмөдө жалгыз калат. Баласы ыйлай бергенинен кыжаалат болгон Рева айым коридорго чыкса колуна курал кармаган, славян улутундагы бир чоочун туруптур. Рева айым алгач коркуп кетет. Анан бул жаңы келген шопур окшойт деп ойлойт да: “Сиз айдоочу менен биргесизби?”-деп сурайт. Тиги чоочун башын ийкеп коюп чыгып кетет. Рева айым коркуп дароо чуркап күйөөсү Султан Ибраимовдун бөлмөсүнө кирет. Караса Султан Ибраимов эбак эле атып өлтүрүлгөн экен. Рева айым заматта милицияга чалайын десе телефондор да иштебей турган экен. Чуркап өйздөрүнүн айдоочусуна барса ал да өлүп жатыптыр. Кароолчу Коңуратов да өлтүрүлгөн экен... Суук кабар бүткүл Советтер Союзуна желдей тарады. Иштин тыкыр иликтенишине Москва “өзгөчө көңүл бөлөбүз” десе да да акыр-аягына чейин ачыкка чыгып, иликтенбей калды. Бүгүнкү күнгө дейре сырдуу бойдон калууда. Атүгүл бул тема боюнча азыр деле кээ бирлери сүйлөшүүдөн чочулашат. Деги эле, кыргыз саясий аренасында эл оозуна алынып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган Төрөгелди Балтагулов, Сакин Бегматова, Насирдин Исанов, Бекмамат Осмонов, Сатыбалды Жээнбеков жана биз сөз кыла турчу Султан Ибраимовдун өлүмү кылымдын жоопсуз калган жандырмагы бойдон бүгүнкү күндүн талкуусунда… Тарых баарын таразалайт! Ак ийилет, бирок сынбайт!