У нас вы можете посмотреть бесплатно СТАНДАРТТЫК ОПЕРАЦИЯЛЫК ПРОЦЕДУРА ТЕРИ ИЧИНЕ ЖАСАЛУУЧУ ИНЪЕКЦИЯ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Тери ичине жасалуучу инъекция стандарттык операциялык процедура (мындан ары - СОП) - эл аралык сунуштамалардын жана жергиликтүү ченемдикметодикалык документтердин негизинде иштелип чыккан. АТКАРУУ БОЮНЧА ТАЛАПТАР Аракеттенүү мезгилинде СОПту аткаруу милдеттүү болуп саналат, аны аткаруудан баш тартуунун жүйөөсү айтылып, документке түшүрүлүп, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуусу зарыл. Зарылчылыгына жараша СОП кайрадан каралып чыгып, КР ССМнын макулдугу боюнча өзгөртүлүүсү ыктымал. Тери ичине жасалуучу инъекция – бул үстүртөдөн жасалуучу инъекция болуп саналат. Себеби, дары каражатын киргизүү түздөн-түз теринин ортоңку кыртышына, тагыраак айтканда эпидермис алдындагы дерьмага жасалат. Тери ички инъекция сыйымдуулугу 1-2 мл шприц менен жасалат, ийненин узундугу – 30-40 мм. 0,1 ден 1 мл чейинки суюктукту тери ичине куюу. Максаты: диагностикалык (туберкулиндик үлгү, ар кыл заттарга карата аллергияны аныктоо), профилактикалык, ошондой эле бөлүктүк ооруксуздандыруу. Каршы көрсөтмөлөр. Дарыгер тарабынан аныкталат. Инъекция жасалган жерде сезгентүүчү жана/же дегенеративдик процесстер (ириң ордулары, жарачалар, күйүтөр ж.б.) болбоого тийиш. Куюлуучу орду: билектин ички бетинин ортоңку бөлүгү, ийиндин сырткы бети.