У нас вы можете посмотреть бесплатно МИНИСТРЛИКТИН ЖЫЛ ИЧИНДЕ 5 БАГЫТ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн 2025-жыл жемиштүү жана ийгиликтүү жылдардан болду. Бул жылы айыл чарба тармагынын макроэкономикалык абалы туруктуу сакталды. Ал эми айыл чарба продукциясын дүң өндүрүү 437 миллиард сомдон ашты. Бул – өткөн жылга салыштырмалуу 102 пайызга жогору. Ал эми кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү 95 миллиард 230 миллион сомду түздү. Бул – өткөн жылга салыштырмалуу 15 миллиард 031 миллион сомго көп. Өлкө калкы – негизги тамак-аштардын 9 түрүнүн ичинен - 6 түрү – сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер, жумуртка менен толук камсыздалды. 2025-жылдан тартып жеңилдетилген насыялар 5 мамлекеттик программанын алкагында бериле баштаган. Бул максатта жалпы 12 миллиард 242 миллион сом каралып, анын 11 миллиарддан ашыгы өздөштүрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл ичинде аткарган иштеринин 5 багыт боюнча жыйынтыгы бул видеодо кеңири баяндалат.