У нас вы можете посмотреть бесплатно 2 - Адам жана коом Инсан жана анын сапаттары. или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
“Инсан” “Инсан бойдон эч ким төрөлбөйт, инсан болуп өсүп жетилүү гана мүмкүн”(А.Н.Леонтьев). Адам даяр инсан болуп төрөлбөйт. Ал акырындык менен инсан болуп өнүгөт. Инсандын жетилүү процесси көп жылдарга, атүгүл кээде адам өмүрүнүн аякташына чейин да созулат. Инсан түшүнүгүнө түрдүүчө көп аныктамалар берилип жүрөт. Көбүнчө инсан дегенде анын социалдык, б.а. кийин өздөштүрүлгөн сапаттары көңүлдө тутулат. Деги инсан деген эмне? Инсан - бул өзүнүн социалдык ролдорун аткарууга толугу менен даяр индивид-адам. . Инсан-бул индивидуумдун коомдо өсүп жетилүүсүнүн натыйжасы. Адам коомдон тышкары жашаса инсан боло албайт, ал индивидуум бойдон калат. Индивид - ар бири өзүнчө, өз алдынча өмүр сүргөн жекече жан. Индивидуалдуулук - бул жекече жандын кайталангыс өзгөчөлүктөрү. Ар бир адамдын кайталангыс сапаттары болот да, булар анын индивдуалдуулугун шарттап турат. Индивидуалдуулук адамдын тышкы көрүнүшүнөн, турмушка болгон көз карашынан, жашоо образынан ж.б. билиниши мүнкүн. Көпчүлүк адамдардын өз хоббиси, жактырган түсү, музыкадагы жакшы көргөн багыты ж.у.с. болот. Дүйнөнү толугу менен окшош кабылдаган эки адамды табууга болбойт. Инсандын структурасына эмнелер кирет? Инсандын структурасына жөндөмдөр, темперамент, мүнөз, эрктүүлүк сапаттары, эмоциялар, мотивациялар, социалдык багыттар ж.у.с. кирет.