У нас вы можете посмотреть бесплатно Радио эфир | 15.12.2025 | Сиднейде элге ок аткандар ата-бала болгон или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Австралиянын борбору Сидней шаарындагы Бонди-Бич жээгинде жекшембидеги ок атуунун курмандыктары 15 кишиге жетти. Маалыматтарга караганда, ок аткандар ата-бала болгон. 50 жаштагы кишини полиция атып өлтүргөн, 24 жаштагы уулу оор абалда ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя жөөттөрдүн Ханука майрамын белгилөө маалында болду. Салтанатка жергиликтүү еврей коомунун мүчөлөрү катышып жаткан. Күбөлөрдүн маалыматына караганда, кара кийинген эки адам эс алуу аймагына жакын жердеги автотоктомолорго туруп, адамдарды көздөй ок чыгарган. Ок атуу 10 мүнөткө созулган. Ок атылып жатканы жана адамдардын качып баратканы видеолорго тартылып калган. Интернетке тараган видеолордо бир адам ок атып жаткан кишинин куралын тартып алганы көрүнүп турат. 14-декабрь - бүткүл дүйнөдөгү еврейлер белгилеген Хануки майрамынын биринчи күнү эле.