У нас вы можете посмотреть бесплатно 1-апрелге чейин уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын тапшырышат или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Мамлекеттик салык кызматы 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү экенин эскертет. Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш: ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары); туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер; Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү. Ошондой эле , жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын 1-майга чейин тапшырууга тийиш. Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет. Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүшү керек. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.