У нас вы можете посмотреть бесплатно Криптовалюта сатып алаардан мурун муну көрүңүз или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Эгер сиз криптовалютага инвестиция кылуу жөнүндө ойлонуп жатсаңыз, аны баштоодон мурун бир нече нерсени билишиңиз керек. 1. Билбесеңиз, баштабаңыз. Акчаңызды жоготуп алышыңыз ыктымал. Уоррен Баффеттин бир сөзү бар: «Эч качан сизге түшүнүксүз бизнеске инвестиция салбаңыз. 2. Изилдеңиз. Адамдар менен сүйлөшүңүз. Эгер англис тилин билсеңиз бул чоң артыкчылык, себеби англисче крипто жөнүндө маалымат аябай көп. 3. Эгер баштагыңыз келсе, кичине акча менен баштаңыз. Базардагы өйдө-ылдыйлар ар дайым азгырат, билем. Бирок, бул башталгыч инвестор үчүн эң маанилүү эрежелердин бири. Кичинеден баштаңыз. Машыгып көрүңүз. Сезиңиз. Үйрөнүңүз. Арзанырак каталарды кетириңиз. 4. Сиз салып жаткан акча сизде болгон акча болбошу керек. Үй-бүлөңүз таянган акчасы болбошу керек. Башка сөз менен айтканда, акча жоготуу жашооңузга таасир этпеши керек. Жоготуулар сөзсүз болот. 5. Башында көп акча табууга умтулбаңыз. Кандайдыр бир пайда табууга көңүл буруңуз. Кичине, чоң айырмасы жок. Пайда тапканды үйрөнүңүз. 6. Чечим кабыл алууда эч кимдин пикири чечүүчү болбошу керек. Ар дайым жоопкерчиликти өзүңүз алыңыз. Эгер сиз ишенген адам сизге кайсы бир криптовалютага инвестиция салууну сунуштаса, сиз макул деп анан акчаңыздан айрылып калсаңыз ким күнөөлүү? Албетте, ал адам эмес. Акчаңызды жана досторуңузду жоготуп албаш үчүн эч качан алардын пикиринин гана негизинде чечим кабыл албаңыз. 7. Крипто инвестициянын мен үчүн азырынча эки түрү бар. 1 long term же узак мөөнөттүү: Сиз инвестиция кылып, жок дегенде 2 жылга аны унутасыз. 2 күнүмдүк соода: арзандаганда сатып аласыз, кымбаттаганда сатасыз. Бирок эсиңизде болсун, күнүмдүк соода түйшүктүү жана жоготууларды камтыйт. Андыктан машыгуу үчүн кичинеден баштоону унутпаңыз. 8. Pump and dump тан сак болуңуз. Бул жасалма жолдор менен криптовалютанын баасын көтөрүп, адамдар ага массалык түрдө инвестиция кылгандан кийин сатып жиберүү ыкмасы. Бул алдамчылык жана арам. Памп эн дампты байкоо оңой эле, баа күтүлбөгөн жерден эле бир канча сааттын ичинде миңдеген пайызга өсүп кетсе, бул памп экени ыктымал. Менин атым Акылбек Балтабаев. Бул каналга жеке инсандык өнүгүү, бизнес жана англис тили жөнүндө видеолор чыгып турат. ----------------------------------------------------------- Англис тили, башталгыч деңгээл - сүйлөтүү курсу --- t.me/chattil_english_info Катталганды унутпаңыздар! Чоң рахмат!