У нас вы можете посмотреть бесплатно Президент никаб жана паранжа тууралуу үн катты. или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргызстанда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган. “Кабар” агенттиги бул боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин укту. — Саламатсызбы, коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган бир маселе боюнча сизден комментарий алсак. Бул Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлеринин хиджабчан айымдарды токтотуп эскертүү берип жаткан видеосунун талкууга түшүүсү. Анда никаб жана паранжа менен жүргөндөргө айып пул салуу каралганын айтып жатканын көрүүгө болот. Негизи эле бул маселеде жарандардын дагы, укук коргоо орган кызматкерлердин дагы аракеттери кандай болушу керек? — Саламатчылык. Жакында дин тармагын иретке салган мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамда дин тутунгандар боюнча бардык укук муфтият менен Аалымдар кеңешине берилген. Бийлик дин тармагына кийлигише албайт. Кийлигишпейбиз дагы. Ошондуктан муфтият кандай фатва чыгарса ал фатва бүткүл өлкө боюнча аткарылыш керек. Муфтият жөндөн-жөн эле оюна келген фатваны чыгара бебейт. Дин боюнча илимге, куранга, хадистерге таянат. Ал эми сиздин хиджаб, никаб, паранжа боюнча сурооңузга төмөндөгүдөй комментарий берейин. Хиджаб деген сөз биздин тилде жоолук деген эле сөз. Арабча хиджаб деп аталат. Биз жоолук деп эле атайлычы. Хиджаб десе эле чочугандар бар. Жоолук бул атам замандан бери эле биздин энелерибиз, эже-карындаштарыбыз салынып келген баш кийим. Буга эч ким каршы эмес. Жоолукту ким кандай салынат ал өзүнүн иши. Оронуп алабы, чулганып алабы жүзү ачык болсо болду. Ал эми никаб деген көзү гана ачык болгон баш кийим. Паранжа дегенди өзүңөр жакшы билесиңер жүзүн толук жаап жүргөн баш кийим. Экөө тең бизге муфтият тарабынан тыюу салынган. Ошол үчүн муфтияттын фатвасын биздин жарандар милдеттүү түрдө аткарыш керек. Биздин илгертен берки салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес. Ошондуктан жөн эле экилене бериштин кереги жок. Ал эми күч органдарына айтарым «Бөрк ал десе, баш алмай» саясат болбош керек. Жүзү ачык, бирок жоолукчан жүргөндөргө таптакыр жолобогула. Мейли жоолукту оронуп салынабы же апалар салынгандай ээктен байлап салынабы ар кимдин өз иши. Илгери деле ар ким ар кандай салынчу. Бул ар кимдин өз укугу. Болгону жүзү ачык болсо болду. Ал эми жанагындай жүзүн такыр эле таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы. Бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү маселе. Бул бийликтин саясаты эмес, бул муфтияттын Кыргызстан мусулмандарына чийип берген эрежеси, мыйзамы. Биз ошол мыйзамдын аткарылышына бийлик кайдыгер карап олтура бербей жардам беришибиз керек. Негизи эле кайсы гана маселе болбосун муфтияттын чыгарган фатвасынын аткарылышын камсыз кылганга жардам беришибиз керек. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 / @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар