У нас вы можете посмотреть бесплатно КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: "МЕН 70 ЖАШКА ЧЫККАНДА ТҮШҮМ БЕРЕТ ЭКЕН". НООКЕНДЕ МИСТЕ-БАДАМ ОТУРГУЗУЛДУ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Тоскол-Ата токой чарбасында 300 гектар жерге мисте-бадам көчөттөрү олтургузулуп жатат. Бүгүн, 1-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көчөттөр тигилип жаткан аймакка барды. Жайыт жерди токойго айлантуу максатында мында 150 гектарына мисте, 150 гектарына бадам көчөттөрү олтургузулган. Тигилген көчөттөрдүн толук жетилиши үчүн 300 гектар жер толугу менен тосмолонгон. Мында жалпы 120миң мисте, бадам көчөттөрү олтургузулду. УКМК төрагасы тарабынан көчөттөрдүн толук көктөшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу жергиликтүү токой чарба кызматкерлерине бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилди. Камчыбек Ташиев өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалардын алкагында, "Жашыл мурас" программасын толугу менен ишке ашыруу зарылдыгына токтолду жана бул маселе эң маанилүү жана кечиктирилгис, туруктуу иш-аракеттерди талап кылаарын, аны аткаруу тийиштүү жетекчилердин туздөн-түз милдети экенин эскертти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы өткөн 2024-жылы 1650 гектар жерге көчөт тиккен. Ал эми 2025-жылы 2500 гектар жерге көчөт отургуузу пландалган. "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында жайыт жерлерди токойго айлантуу, ошол эле учурда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында ишке ашып жатат. Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунда токойлордун жалпы аянты 290миң гектар, анын ичинде басымдуу бөлүгү жаңгак токой аянты 33 миң гектар жерди ээлейт. Ал эми мисте өскөн аймак 28миң гектар, калган токойлордо алма, алча, долоно жана башка дарактар өсөт.