У нас вы можете посмотреть бесплатно Бүбүгүл Султанова: КМУнун 1965-жылдагы бүтүрүүчүсү или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
80 жылдык тарыхы бар окуу жайдын бүгүнкү күнгө чейинки тагдыры улуу жолду өзүнө камтыйт. И.Арабаев атындагы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 1965-жылдагы бүтүрүүчүсү Бүбүгүл Султанова - 40 жылдык өмүрүн ушул окуу жайга арнаганын айтат. 1958-жылы орто мектепти аяктап, Кыз-келиндер педагогикалык окуу жайына педагогика жана ырдоо бөлүмүндө билим алган. Университетти аяктагандан кийин музыка методикасы боюнча сабак берүү менен окуу жайда ишмердүүлүгүн баштаган. Университеттин негизделген жылдарында билим алган студенттеринин бири ошол кездеги басып өткөн ары кызыктуу, ары түйшүктүү кездер менен бөлүштү. Ал эми Бүбүгүл Султанованын жолдошу физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Мүсүр Токтогулов И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик институтунун физика кафедрасын 1975-2000-жылдар аралыгында жетектеп, астрономия предмети боюнча лекция окуган. Илимий эмгектери метеорлордун кыймылдарына арналып, 90дон ашык илимий эмгек, алардын ичинде 1 монография, 2 окуу китеп, 5 окуу - методикалык колдонмо жарыяланган. Илим-билимдүү, үйлгүлүү үй-бүлө 43 жыл бирге түтүн булатышып, 1 уул, 1 кызды тарбиялоо менен 40 жылдык өмүрлөрүн биздин окуу жайга арнашкан. “СССР агартуусунун отличниги” Бүбүгүл Султанова Кыргызстандын маданиятына зор салым кошуп, “Эмгектеги каармандыгы учун”, “Эмгек ардагери” ж.б. билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү эмгегинин артыкчылыгы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Ал эми окуу жайдан Мукаш Абдраев, Султан Юсупов, Насыр Давлесов, Кайыпбек Айтыгулов өңдүү улуу залкарлардан билим алган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин түптөлүшүнө көркөм педагогикалык билим берүү, илимий изилдөөлөр жана коомдук кызматтагы жетишкендиктери менен өлкөнүн билим берүү системасына өз салымын кошкон.