У нас вы можете посмотреть бесплатно "Биз күн көрөбүзбү?" Көп кабаттуу үй курам деп көкжарлыктарды кокуйлаткан "Мунара" или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында жашагандар жеке турак жайлардын ортосуна көп кабатуу үй курулуп жатканына нааразы болууда. Алар "Мунара" бренди менен иштеген "Маэстро кейджи" курулуш компаниясы мыйзамсыз салып жатканын айтууда. Анткени кошуналары макулдук бербесе да кол тамагаларын жасалмалап документке тиркеп койгонун билдиришти. Эгер бул объект курулуп калса 6 үй күн көрбөй калат. Мындан сырткары Көк-Жарда суу тартыш, жумасына 2 жолу гана берилет, борбордук канализация жок. Мунусу да чоң суроо жаратты. Аталган маселе боюнча "Мунара" компаниясына кайрылганыбызда "буюрса чечебиз" деп гана жооп беришти. Долбоор боюнча бул жерге 88 батир, астыңкы кабатына соода жайлар салынат экен. Бирок ага 33 эле унаа токтотуучу жай каралыптыр. Калган унааларды каякка токтотушат? Компания бүт уруксат кагаздарын алганын айтып, көрсөттү. Ушундай шартта кантип уруксат берилгенин суроо үчүн курулуш жана архитектура министринин орун басары Бакай Тургуловго кайрылдык. Ал иш сапары менен Ошко кетип жатканын айтып, кийинки жумада жооп берүүнү убадалады.