У нас вы можете посмотреть бесплатно ЖЫЛАНДУУ ӨРӨӨН \ СААДАТБЕК МЫРЗАКУЛ уулу или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Арийне, эч кимге зыяны жок, ак көңүл, берешен, сырттан келген меймандарга коюнун кенен ачып төргө өткөзгөн, өзү тоюнбасак да биринчи кезекте коногун тойгузган меймандос элибиз менен бирге атына заты жарашып абасы таза, көрсө көздүн кумарын кандырган, ушунчалык кооз, көк мелжиген, тээ чокусунда ак кар көк муз кылымдан кылымга сакталып келген тоолуу аймакта жашаганыбызга ушунчалык кубанам да, ушунчалык сыймыктанам. Ошол көк мелжиген тоодон төмөн карай агып келген табигаттын таптаза, тунук суусу жерибизди, элибизди кылымдап багып келет. Суу канчалык таза болсо, ошого жараша элибиздин дили, ички дүйнөсү да таза. Чет өлкөдөн келген меймандар арыкта агып жаткан суубуздун ушунчалык тазалыгына, элибиздин меймандостугуна жерибиздин кооздугуна, тоо арасындагы байлыгыбыздын ушунчалык көп экендигине суктанып кетишет. Кудайыма тобо деш керек ушул тоолуу аймакта жашап калганыбызга. Тоо демекчибиз, ал өзүнүн коюнуна канчалаган гана сырларды камтып жатат. Анда канчалаган гана жан-жаныбарлар жашайт. Бала кезимде тээ адам буту жетпеген тоо арасындагы окуя тууралуу чоң атамдан чет-чеберин угуп калгам. Эмесе ал эмне окуя экенин ушул аудио китептен угуп чыгыңыз. Жагымдуу угуу каалайм))) #АдилетЧубаков #аудиокнига #аудиокитеп #аудиокитоб #аудиокітап #аудиокитепкыргызча #audiobooks #китепKG