У нас вы можете посмотреть бесплатно Ички иштер министрлигинде Пакистан Ислам Республикасынын Элчиси менен эки тараптуу жолугушуу өттү или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
2025-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Хан мырзанын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында Пакистан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана укуктук жана социалдык коргоо маселелери талкууланды. Мындай форматтагы жолугушуулар эки тараптуу ишенимди бекемдөөгө жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди. Октябрь Урмамбетов чет өлкөлүк жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Өз кезегинде элчи Алтамаш Вазир Хан Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоо маселелеринде Пакистан тараптын принципиалдуу позициясын билдирди. Ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү багытында биргелешкен аракеттерди жүргүзүүгө даяр экендигин белгилеп, жолугушууну уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. ИИМдин Басма сөз кызматы