У нас вы можете посмотреть бесплатно Депутат Сурабалдиева генералды сынга алды или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеш «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» майзам долбоорун биринчи окууда угуп, аны четке какты. Долбоорго ылайык, жооптуу жактардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында өрт коопсуздугу эрежелерин сактабаган жактарга карата айып пулдун суммасын жогорулатуу сунушталган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов долбоор менен тааныштырып, 2007-2022-жылдар аралыгында 62 276 өрт учуру болгону, анда 1112 адам каза болгону тууралуу маалымат берген. Ал Ысык-Ата районундагы Люксембург айылындагы, Бишкектеги Курманжан датка 207 дарегинде орун алган өрттөн 10 млн сомдон ашык чыгым келгенин мисал келтирди. Учурда өрт коопсуздугун сактабаган жактарга карата мыйзам тарабынан каралган жаза; жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 000 сом. Министрдин орун басары адамдарга талаптарды аткаргандан көрө айып пулду төлөө арзанырак болуп жаткан үчүн, өрттүн саны азайбай келе жаткандыгын белгиледи. Долбоорго депутат Эльвира Сурабалдиева (Биринчи май округу) каршы чыгып күн тартибинен алууну сунуштады. Кийин комитеттин чечимине каршы добуш берүү уюштурулуп, мыйзам долбоору четке кагылды.