У нас вы можете посмотреть бесплатно БАГБАНДЫН БАГЫ САКТАЛДЫ. ЖАҢЫ ЖОЛ ӨЗ НУГУНДА САЛЫНМАЙ БОЛДУ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Бишкек шаарындагы 6 гектар бак талкаланбай сакталмай болду. Бул тууралуу бактын ээси Кыяс Молдокасымов билдирди. Анын айтымында, 7-каналдан бактын тагдыры тууралуу репортаж чыккан соң коомчулуктун колдоосу күчөп, маселе шаар жетекчилигинин көңүл борборуна алынган. Бүгүн, саат 11:00 чамасында Айбек Жунушалиев жоон топ командасы менен бак жайгашкан аймакка келип, курулуш пландалган жолдун багытын жеринен көрүп чыккан. Шаар мэри жолду бакты бузбастан, анын четинен салуу сунушун киргизген. Бул чечим менен бакты сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыяс Молдокасымов кечээ мэриянын имаратында беш саатка жакын күтүп, жолугушуу болбой калганын, ал эми бүгүн мэрдин күтүүсүздөн бакка өзү келип, маселени жеринен чечип кеткени кубандырганын белгиледи. Ал ошондой эле бакты сактап калууну колдогон жарандарга, маселени коомчулукка жеткирген 7-канал телеканалына жана жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгесин көтөргөн активисттерге ыраазычылык билдирди. Адистердин эсептөөсүнө ылайык, бул чакан бак жылына 22 миллион 250 миң куб метрге чейин кычкылтек бөлүп чыгарат. Мындан сырткары, бакта органикалык мөмө-жемиштер өстүрүлүп келет. Молдокасымовдун айтымында, келечекте бул аймак санаалаш чыгармачыл жана интеллектуал жаштар чогулган экологиялык аянтчага айланышы мүмкүн. 📺 7-канал – Расмий YouTube каналы 🔹 7-каналдын расмий YouTube баракчасына кош келиңиз! Бул жерде эң актуалдуу жаңылыктарды, эксклюзивдүү репортаждарды, маектерди, экономика, маданият, спорт жана башка маалыматтарды таба аласыз. Биз сизди Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү эң маанилүү окуялар менен кабардар кылууга аракет кылабыз. 📍 Дарегибиз: Бишкек ш, Байтик Баатыр көчөсү, 53 📞 Телефон: +996 507 770 070, +996 777 205 580 📌 Катталып, комментарий калтырып, лайк басууну унутпаңыз! Сиздин пикириңиз биз үчүн маанилүү!