У нас вы можете посмотреть бесплатно Ошто эл аралык "Мавераннахрдан Анатолияга Ислам аалымдары: Караханиддер доору" симпозиуму өткөрүлдү или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Ошто эл аралык "Мавераннахрдан Анатолияга ислам аалымдары: Караханиддер доору" симпозиуму өткөрүлдү Кечээ, 16-октябрь күнү Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун жыйындар залында эл аралык "Мавераннахрдан Анатолияга ислам аалымдары: Караханиддер доору" симпозиуму өткөрүлдү. Илимий саамалыкка Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги, Түркиядан келген илимпоздор тобу, Ош облус менен Ош шаарынын имамдары жана теология факультетинин мугалимдери менен студенттери катышты. Иш-чара башында ОшМУнун жетекчилиги, облус казысы Султанали ажы Гапуров, шаар казысы Самидин кары Атабаев жана Түркиядан илимпоздор тобунун жетекчилери ачылыш сөзгө чыгып, кыскача баяндама жасап өтүштү. "Караханийлер доорунда түрк тилдүү элдер ислам динин жакындан таанып, мамлекеттик расмий дини болуп саналган. Андан кийин түрк тилдүү элдердин арасынан ислам дүйнөсүнө зор салым кошуучу аалымдар чыга баштаган. Албетте бул тууралуу симпозиумда илимпоздор тарабынан толук маалыматтар берилсе керек. Учурда ислам илимдери боюнеча ОшМУнун теология факультети алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Факультет көптөгөн студенттерди чыгаруу менен бирге имамдарга окуу курстарын уюштуруу иштеринде да көмөк көрсөтүп келүүдө", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров. Ал эми шаар казысы: "Мындан бир жума мурун эле Караханиддер доорунда зынданга атылган улуу ислам аалымы Имам Сарахсий тууралуу омоктуу симпозиум болгон. Бүгүн болсо Караханиддер доорундагы көптөгөн аалымдар, окумуштуулар, дегеле илимде из калтырган ислам илимпоздору боюнча маалыматтар берилүүдө. Кудай буюрса, ушул чөлкөмдөн Караханиддер доорундагыдай ислам аалымдары чыгат деп ишенем", – деди шаар казысы Самидин кары Атабаев.