У нас вы можете посмотреть бесплатно Табияттан алынган ачылыштар или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Адамзат тарыхында өтө көп ачылыштар болуп, бул ачылыштар жашоо шартыбызды жеңилдетип, өзгөртүүдө. Акыркы 50 жыл ичиндеги мобильдик телефон жана интернет сыяктуу ачылыштар жашоону аябагандай эле өзгөрттү. Албетте булар муктаждыкты кандыруунун жана изденүүнүн натыйжасында ишке ашууда. Адам баласы дайыма бир көйгөй менен бетме-бет келип, андан чыгуунун жолун издеп баштайт. Натыйжада жогорудагыдай ачылыштар ишке ашат. Көйгөйдөн чыгуунун, муктаждыктары кандыруунун жолун издеп аткан кезде адам көбүнесе Жараткандын улуу чыгармасы болгон табиятка кайрылат. Себеби табият көптөгөн көйгөйлөрдөн чыгуунун жолун эң мыкты таризде көрсөтүп берет. Табият бул – Жараткандын бизге берген жол көрсөтүүчүсү, багыт берүүчүсү, илхам берүүчүсү! Ыйык Курандын көп жерлеринде табиятта биз үчүн өрнөктөр, мисалдар бар болгондугун айтат: “Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллаhтын Кудуретине) белгилер бар!” Ооба, бул аятта Аллах адам баласы үчүн табиятта көптөгөн белгилерди, мисалдарды коюп койгондугун айтууда. Албетте пикир кылгандар т.а. ойлонгондор үчүн! Келиңиздер! Аллах табиятта биз үчүн кандай сырларды, белгилерди, жол көрсөтүүчүлөрдү жашырып койгондугун изилдеп көрөлү!