У нас вы можете посмотреть бесплатно Азия ТВ" жаңылыктары (11.03.2026-ж) или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
2025-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштери 24 пайызга өстү. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.Жогорку соттун маалыматына ылайык, ал өлкөдөгү гендердик саясат жана сот адилеттүүлүгү тууралуу маалымат берди.Жыйындын жүрүшүндө Бакирова үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдөгү статистикалык маалыматтарга токтолду. "2025-жылы Кыргызстандын сотторунда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1196 иш каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 24 пайызга көп", – деген Ал өсүштү зомбулукту аныктоо деңгээлинин жогорулашы жана жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин артышы менен байланыштырды. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышып жаткан аталган эл аралык форум 19-мартка чейин уланат. Ага дүйнөнүн 107 мамлекетинен өкүлдөр чогулуп, аялдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашууда. Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду. Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында иштөөдөн баштаган. Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Жайнак Үсөн уулу аркалап келген Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасынын санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясын ж б жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Эскерте кетсек Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп 1 айга жетпеген гана убакыт иш алып барды. "Салык күзөт" системасы салыктык башкаруунун ачыктыгын жогорулатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул система буга чейин өз-өзүнчө иштеп келген бир катар модулдарды бирдиктүү платформага бириктирүүгө багытталган. Натыйжада буга чейин өз-өзүнчө иштеп келген 40ка жакын модулду бириктирди. Тактап айтканда, эсеп-фактуралар, контролдук-кассалык машиналар (ККМ), үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлар жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн жеткирилген товарлар боюнча маалыматтар ушул системага топтолгон. "Эгер мурда инспектор ар бир модуль менен өзүнчө иштеп, талдоону өз алдынча жүргүзүүгө мажбур болсо, эми ишкана боюнча бардык маалыматтар бир система аркылуу жеткиликтүү болот", – деп түшүндүрдү ал. Ысабеков жашырылган мыйзам бузуулар аныкталган учурда ишкер салыктын өзүн гана төлөбөстөн, кошумча эсептелген сумманын 100 пайызы өлчөмүндө айып пулду жана өткөн мезгил үчүн эсептелген туумду да төлөөгө туура келерин кошумчалады. «Аль-Умма» фонду учурда Ливандагы кооптуу аймактардын биринде болуп, тынч жашоочуларга шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Акыркы окуялардан улам 700 миңге жакын үй-бүлө үйлөрүн таштап, коопсуздук издеп өлкөнүн түндүгүнө кетүүгө аргасыз болду. Көпчүлүгү баш калкалоочу жайсыз калды, үйлөрү талкаланып, жаракат алгандар жана каза болгондор бар. Фонд жеринде жардам көрсөтүп, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк топтомдорун, нан, жылуу матрастарды таратып, ошондой эле садака жана закят түрүндө каржылык колдоо берүүдө. Качкындардын көптүгүнөн адамдар мектептерде жана мечиттерде баш калкалоого мажбур болууда. Алардын бири — Кыргызстандан келген «Аль-Умма» фонду курган Аль-Жалиль мечити. Фонд бардык кайрымдуу адамдарды бул оор күндөрдө жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүүгө чакырат. Ар бир колдоо азыр абдан маанилүү Бишкек шаарында эл аралык профессионалдык бокс кечесине арналган маалымат жыйын өттү. Иш-чараны Saikou Lush Boxing Promotions промоутердик компаниясы уюштурду. Маалымат жыйынга турнирдин уюштуруучулары, компаниянын аткаруучу директору Нурсултан Мойдунов жана мелдешке катыша турган кыргызстандык мушкерлер катышты. Белгиленгендей, эл аралык профессионалдык бокс кечеси 17–19-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Газпром ФОК спорт комплексинде өтөт. Үч күнгө созулган турнирде Кыргызстандын 13 мушкери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген атаандаштары менен рингге чыгышат. Маалымат жыйын учурунда Нурсултан Мойдунов бул турнир кыргыз боксу үчүн гана эмес, өлкөнүн спорттук туризмин өнүктүрүү үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Башка өлкөлөрдөн да бул турнирге кызыгуу жогору болууда. Мындай мелдештер кыргызстандык мушкерлердин аброюн көтөрүп гана тим болбостон, Кыргызстанды дүйнөлүк бокс сүйүүчүлөрүнө дагы кеңири таанытууга салым кошот деп ишенем. Келечекте, буюрса, мынданда бийик деңгээлдеги турнирлерди Кыргызстанда өткөрүүгө аракет кылабыз», — деди Мойдунов.